Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Сириядагы маселесин чечүү үчүн НАТО жана ЕБдан чоң жардам сурап кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 799 | 0

Кечээ, 9-мартта Түркия президенти Тайип Эрдоган Брюсселде НАТОнун генералдык секретары Йенс Столтенберг менен жолугушту. Жолугушууда Эрдоган НАТОдогу союздаштарынан Сириядагы операцияларды ийгиликтүү улантуу үчүн конкреттүү колдоо көрсөтүүнү талап кылды. Эрдогандын айтымында, колдоо эч кандай кошумча шарттары жок болуп, токтосуз көрсөтүлүшү керек.

Ал эми Столтенберг Сириядагы башаламандык боюнча НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бири да Түркия көргөнчөлүк азапты башынан өткөрбөгөндүгүн билдирди. Бир да НАТОго мүчө өлкөдө Түркиядагыдай качкындар жок экенин айтып, Түркиянын Сирия менен чектешкен жерлеринде Абадан коргонуу системалары, ошондой эле аймактын аба жана деңиз мейкиндигинде аскерлерин жайгаштырып, жардам көрсөтөрүн билдирди. НАТОнун генералдык секретары түрк-грек чек арасындагы окуяларга тынчсызданып: “ Миграция маселеси жана качкындардын агымы —  бардыгыбыз чече турган жалпы орток маселебиз”, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM