Биз менен байланышыңыз

Ангела Меркель НАТОнун Украинага курал-жарак берүүсүнө каршы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 575 | 0

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель НАТО аркылуу Украинага курал-жарак жеткирүүгө каршы чыкты. Бул тууралуу  Bild немис басылмасы жазды.

Буга чейин Украинанын коргоо министри Алексей Резников Меркелдин өкмөтү Киевге НАТОнун камсыздоо жана соода агенттигинен (NSPA) ири калибрлүү мылтыктарды алууга тоскоолдук жасап жатканын айткан.

«Bild» жазгандай, Берлин май айында чектөө коюу (вето) укугунан пайдаланып, Американын Barrett сайлуу мылтыгы менен Литванын дронго каршы куралын жеткирүүгө тыюу салган. Ошол эле маалда Меркелдин өкмөтү «өзү жалгыз каршы чыкты» деген пикирди жаратпоо максатында Нидерланды өкмөтүн да бул чечимди колдоого үндөгөн.

Август айында Меркель Киевге келгенде Украина президенти Владимир Зеленский жүк ташууга чектөөнү алып салуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал учурда «мүмкүн эмес» деген жооп узатылганы менен кийинчерээк, ноябрь айында тыюу салууну алып таштаган. Анткен менен Америка сайлуу мылтыгын жеткирүү дале токтоп турат.

Буга карабастан, Украина Европадан курал-жарак алууга кызыкдар. Алексей Резниковдун айтымында, Киев союздаштары АКШ, Улуу Британия, Литва, Франция менен курал алуу келишимин түзүүнү максат кылат.

Copyright © 2017 Maral FM