Биз менен байланышыңыз

ЕБ Түркия менен качкындар боюнча жаңы келишимди талкуулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 493 | 0

Эрдоган НАТОго болгон иш сапарынан кийин Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолукту. Алардын сүйлөшүүсүнүн башкы темасы грек-түрк чек арасындагы качкындар маселеси болду. Эрдоган Түркия сириялык 3,6 млн качкынды кабыл алганын эскертип, Евробиримдиктин чек арасындагы легалдуу эмес миграциянын жаңы агымы боюнча расмий Анкарага коюлган дооматты четке какты.

Эскерте кетсек, Эрдоган февраль айынын акырында ЕБ карата Түркиянын чек арасын ачарын жарыялаган. Мунун натыйжасында түрк-грек чек арасында болуп көрбөгөндөй мигранттардын агымы топтолгон. Буга жоо кылып, грек бийлиги чек араны жаап, маселени күч менен чечүүнү туура көргөн. Алар көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, каптап кирген качкындарды токтотушкан. Ушундан улам, Греция бийлиги Брюсселдин колдоосу менен Анкараны ЕБга жана НАТОго рычаг катары таасир этүү үчүн качкындарды пайдаланган деп айыптаган.

Жолугушуунун алдында Шарль Мишель Түркияны ЕБ келишимдерин сыйлоого чакырды. Ал келишимдерде Түркия Евопаны каптаган качкындардын агымын токтотууга милдеттендирген. Бул үчүн ЕБ Түркияга 6 млрд еврону финансылык колдоо катары бермек. Ал эми Урсула фон дер Ляйен качкындар боюнча жаңы келишимдерди талкуулоону сунуштады. Ал Анкаранын тынчсыздануусун азайтуу үчүн каржылоону көбөйтүү зарыл экендигин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM