Биз менен байланышыңыз

Якутиянын башчысы Айсен Николаев мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салды

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 773 | 0

Якутиянын башчысы Айсен Николаев башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салды. Бул тууралуу glava.sakha.gov.ru сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга такси, коомдук жана жүк ташуучу унааларды айдоо, ошондой эле, тамак-аш, кийим-кече өндүрүшү, айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактары сыяктуу жалпысынан 33 тармакта иштөөгө тыюу салынат.

Айсен Николаев буга чейин Якутиянын тургундары иштей ала турган жумуштардын көбүн мигранттар ээлеп алганын билдирген.

Эске салсак, Якутск шаарында кыргыз жараны аялды зордуктаган деген маалымат тараган. Мындан улам аталган шаардын Комсомольск аянтында 17-март күнү 200гө жакын адам чогулуп, миграция мыйзамдарын катаалдатууну талап кылышкан.

Маалыматтарга ылайык, учурда Саха Республикасында 10 миңдей Кыргызстандын жараны эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM