Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөн келгендерге патент кымбаттады

Коом | 24 Апр 2019 | 694 | 0

 

1-майдан тартып чет өлкөдөн келген жарандар Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат кагазын жаңы баалар боюнча ала баштайт. Өкмөттүн № 175 токтомуна ылайык, башка өлкөдөн иштөө үчүн келген жогорку квалификациядагы адистер 3 жылдык уруксат кагазды 10 миң сомго сатып алышат. Ал эми бизнес менен алектенүү үчүн келгендер жылына 50 миң сом төлөшөт. Бул туурасында Миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кудайбердиев билдирди.

— Жаңы жоболорду иштеп чыктык. Ага ылайык, ишканада чет элден келген жумушчу, адистердин саны 20 %дан ашпашы керек. Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүү, же иштөө үчүн берилчү уруксат кагазды жөнөкөй жумушчу 1 жылга 10 миң сом, жогорку квалификациядагы адистер 3 жылга 10 миң сом төлөп ала алышат. Ал эми жеке ишкердик менен алектенгендердин төлөм акчасын 20 миң сомдон 50 миң сомго көтөрдүк.

Маалыматка ылайык, өкмөт 2018-жылы чет элдик жарандарга 16 миң 490 квота бөлгөн. Анын ичинен 12 миң 950сү берилген. 13 миңге жакын квотанын 78 %ы Кытайдан келгендерге, 1014 квота Түркиядан келгендерге, 750 квота Түштүк Кореядан келгендерге берилген. Калганы булардан башка 91 мамлекеттен келгендерге бөлүнгөн. Кыргызстанда эң көп квота алган өлкөлөрдүн катарындагы Түркиядан келген Бүнямин көп жылдан бери курулуш тармагы боюнча ишкердик менен алектенет. «Кыргызстанга келген инвесторлорго жеңилдиктер түзүлсө»,- дейт.

— Менимче, Кыргызстан инвестицияга муктаж өлкө. Ошондуктан, ар бир инвесторго жакшы шарттар түзүлсө дейт элем.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова баанын өзгөрүшү чет элдик ишкер, жумушчулар үчүн көп деле оорчулук жаратпайт деген ойдо. Анткени, баалар башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан коюлган.

— Мен мурдагы ишкер катары коюлган бааларды кымбат деп эсептебейм. Алар үчүн 10 миң сом, 50 миң сом жакшы эле сумма. Албетте, ал акчадан бюджетке өтө чоң пайда түшпөсө да, казынаны толтурууга кыйла салым кошот.

Жаңы кирген өзгөртүүлөрдө жогорку квалификациядагы адистиктер өзүнчө каралган. Алар 3 жылга 10 миң сом төлөп, уруксат кагазын ала алышат. «Маселе суммада эмес, кагазды алуудагы машакаттарда» экенин айткан мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев билим берүү тармагы сыяктуу жумуш орундарга келген адистерге уруксат кагазын берүүдө мамлекеттик органдар создуктуруп коерун белгиледи.

— Маселе баада эмес. Биздин мамлекеттик кызматтар кээде бизге керек болгон адистерге уруксат кагазын берүүдө көп убакытка созуп койгон күндөрү болгон. Кара жумушка келе тургандарга, айрыкча, мамлекетке түздөн-түз тиешеси бар ишкана болсо, бериши мүмкүн. Бирок, бизге өтө зарыл болгон билим берүү сыяктуу маанилүү тармактарга уруксат берүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар.

Бул тартип ушул жылдын май айынан тарта ишке кирет. Мурда уруксат кагазын алгандар мөөнөтү бүткөнгө чейин иштей берет.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM