Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы өлкөгө мигранттар 2 млрд 685 млн доллар которушту

Коом | 6 Июн 2019 | 798 | 0

Бүгүнкү күндө 800 миңдей кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80 %ы Орусияда эмгектенсе, 30 миңдейи Казакстан менен Түркияда иштейт. Акыркы жылдары АКШда жүргөн мигранттардын да саны өскөн. Миграция кызматынын төрагасы Болот Ибраимжановдун айтымында, 2018-жылы жалпысынан мигранттардан 2 млрд. 685 млн. доллар өлчөмүндө каражат которулган. Ал эми Орусияда жүргөн мигранттардын ичинен айлык акысын ала албай жүргөндөрдүн 62 млн. рубли миграция кызматы тарабынан өндүрүлүп берилген.

— Былтыр Орусиядагы мигранттарга амнистия берилген. Аны 100 миңдей жаран колдонду. 5500 адам кайра кирүүгө укук алды. Ошондой эле, «Айлык акыбызды ала албай жатабыз», — деп кайрылган 2500 адамдын 128 млн. рубль айлык акысынын 62 миллионун өндүрүп бергенбиз.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери мигранттардын саны да өскөн. Натыйжада, өлкөгө которулган каражаттын айырмасы да көбүрөөк. Миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, шарттардын жакшырганын биримдикке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына салыштырып билсек болот. Мисалы, ЕАЭБге киргенге чейин 500 миңдей мигрант бар десек, азыркы тапта Орусияда эле 650 миңден ашуун адам эмгек миграциясында. Учурда каттоону мындан да жеңилдетүү сунушталып жатат.

— Мигранттар үчүн жакшы шарт түзүлгөнүн айта алабыз. Бирок дагы жеңилдиктер керек. Маселен, мигранттын катталган жери боюнча анын билдирүүсү аркылуу гана каттоону сунуштап жатабыз.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына таянып айтсак, 2018-жылы 44 миңден ашык жаран жумуш издеп кайрылган. Алардын 9 миңи чет өлкөдөгү жумуштарга орноштурулган. Көпчүлүгү Түркияга кеткен. Бирок маалыматтык, консультациялык борбордун директору Бахтияр Төлөновдун айтымында, Түркиядагы инфляциядан улам, ал жакка бара тургандардын саны кескин кыскарган. Бул жылы Болгария, Германияга кеткендер көп болду.

— Бул жылдын ичинде жеке менчик ишке орноштуруу компанияларынын жардамы менен 4 миңдей адам жумушка орноштурулган. Алардын ичинен 2500ү Түркия кеткен. Бирок ал жактагы инфляциядан улам, ал жактан көбү баш  тартып жатат. Альтернативдүү түрдө Болгария, Германияга кетип жатышат.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери 7 миңден ашык чет өлкөлүк Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат алган. Алардын 80 %ын кытай жарандары түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM