Биз менен байланышыңыз

23-мартта өлкөнүн дин кызматкерлери ишембиликке чыгышат

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 505 | 0

23-мартта өлкөнүн дин кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Мындай буйрукка Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Айлана-чөйрөнү тазалоо максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү бардык кызматкерлер 23-март күнү массалык түрдө ишембиликке чыгышыт.

Ишембиликте өздөрүнүн аймагындагы мечиттердин, диний окуу жайлардын айланасын тазалашып, таштандыларды чыгарышмакчы.

Ошондой эле  карыялар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө  тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштеринде жардам беришмекчи.

 

Copyright © 2017 Maral FM