23-мартта өлкөнүн дин кызматкерлери ишембиликке чыгышат. Мындай буйрукка Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Айлана-чөйрөнү тазалоо максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү бардык кызматкерлер 23-март күнү массалык түрдө ишембиликке чыгышыт.
Ишембиликте өздөрүнүн аймагындагы мечиттердин, диний окуу жайлардын айланасын тазалашып, таштандыларды чыгарышмакчы.
Ошондой эле карыялар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштеринде жардам беришмекчи.