Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыя 6 пайызга түшөт

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 648 | 0

Кыргызстанда жылдын аягына чейин «Араз турак жай 2015-2020» программасы аркылуу берилген ипотекалык насыя 6 пайызга чейин түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үстөк пайызды түшүрүү боюнча өнөктөш банктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Факторинг деген механизм менен тобокелчиликти компания өзүнө алса, анда үстөк пайызды 6-7-8 пайызга чейин түшүргөнгө аракет кылат.

Ал эми мамлекеттик эмес мекемелерде иштегендерге берилүүчү насыясынын үстөк пайызы жогору болот. Алдын ала эсеп боюнча 12-14 пайыз менен баштайбыз. Бирок муну дагы түшүрүүнү караштырабыз. Эгерде ошол эле факторинг менен иштеп калсак, анда 12 пайызга чейин түшүрөбүз.

Айта кетсек, 2018-жылдын ноябрь айынан баштап ипотекалык насыя 7-9 пайыз менен берилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM