Биз менен байланышыңыз

Кытай элчиси: Саясий тарбия берүүчү лагерлер жок

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 764 | 0

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда «саясий тарбия берүүчү лагерлер» жок. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа билдирди.

Анын айтымында, аталган автономдук районундогу кырдаал – бул Кытайдын ички өз ара иши. Бишкекте митинг учурунда активисттер айткан сөздөр чындыкка жатпайт. Райондун өкмөтүнүн расмий позициясына ишенүү керек.  Ал жакта кесиптик жактан билим берүү мекемелери түзүлгөндүгү чын. Бул туруктуулук үчүн керек. Мекемеде билим алгандар технолог, кесиптик жөндөм жана тил үйрөнүшөт. Алар келечекте иш менен камсыз болуп, жакшы жашоодо жашашы үчүн жасалган. Жумуш менен алек болуп, укуктук билим алышат. Адамдарды ал жерде эч ким күч менен кармабайт.

Сяо Цинхуа кошумчалагандай, билим берүү мекемелери ошондой эле терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө алдын ала чараларды кабыл алуу үчүн керек.

Ошондой эле элчиал жакта кыргыздар бар, бирок алар Кыргызстандын жарандары эмес деп билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM