Биз менен байланышыңыз

2018-жылы ИДПнын өсүүсү 3,5%ды түздү

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 651 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 3,5% түздү. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдашты.

Маалыматка ылайык 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 3,5%ды түздү. Болжолдуу маалыматтар боюнча республикалык бюджет 135 млн 437,6 сом суммасында жыйынды киреше жана 142 млн 071,5 сом суммасында жыйынды чыгашаларды эске алганда 6 млрд 633,9 млн сом дефицит менен аткарылды.

2018-жылы мамлекеттик бюджетке 103 736,9 млн сом салыктык киреше түшкөн. Бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 13,4 %га же 12,3 млрд сомго  көп. Салыктык эмес түшүүлөр 22 552 млн сомду түздү.

Мындан тышкары 2018-жылга карата Мамлекеттик инвестициялар Программасынын каражаттары боюнча бюджетти аткаруу болжолдуу түрдө 14 889 млн сомду түзгөн.

Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып, бир катар маселелерге токтолду.

«Оңдуу учурлардын катарында өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жетишкенибизди атоого болот. Ал 6,6 млрд сомду түздү же ИДПга карата 1,2%, бул 2017-жылга караганда 10,7 млрд сомго төмөн», – деди Абылгазиев.

Жыйындын аягында Абылгазиев Финансы министрлигинин жетекчилигинен бир катар маселеге көңүл бурууну талап кылып, ай сайын кирешелерди жана чыгашаларды кассалык пландаштыруунун сапатын жакшыртууга чараларды өз учурунда кабыл алууну жана 2019-жылга мамлекеттик бюджеттин пландын аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM