Биз менен байланышыңыз

Марттан бери ИДП 7.5 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 895 | 0

Өлкө ИДПсы пандемиядан улам 7.5 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Салыштырып айтканда, ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын ИДПсы эң чоң төмөндөөгө дуушар болду. Арменияда 6.4%, Казакстанда 3%, Беларусияда 1.5 % артка кетүү байкалды.

«Бардык мамлекеттер ата мекендик ишкерлерди колдоого алып, экспорт жана импортко көбүрөөк маани бере баштады. Ал эми биздин экономикабыз ачык, Кытайдын таасири чоң болгондуктан, чек аралардын жабылышы терс кесепетин тийгизди. Өкмөттүн экономикалык кризистен чыгуу чаралары жакшы болгон жок», — дейт Кожошев.

Copyright © 2017 Maral FM