Биз менен байланышыңыз

Милан Садыкжан уулу: Гепатитти бейтапканадан жуктуруп алгам

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 1518 | 0

Индиядан боорунан оперция жасатып келген Милан Садыкжан уулу “Марал” радиосуна берген маегинде гепатит оорусун бейтапканадан жуктуруп алганын айтты.

Боор оорусу менен 2012-жылдан бери күрөшүп келдим. Коңшу өлкөлөрдөн дагы дарыланып жүрдүм. Тажикстан менен Өзбекстан боорумду дарыласа, Кыргызстандын дарыгерлери илдет бөйрөгүңдө дешти. Мен гепатит оорусун ийне аркылуу бейтапканадан жуктуруп алгам. Ооруканада 2 жолу башка адамга сайылган ийнени сайышкан. Анын айынан гепатит В жукту. 3 күн өтпөй илдетти дарылоого 1 жарым млн сом керек дегенинен дарылануудан баш тартып, ооруканадан ыйлап чыгып кеткем. Үй-бүлөм дарыгерлерди сотко берем деди. Дарт жуккандан кийин кайда… Ооруканаларда гепатит дартын жуктуруп жатышат. Андыктан ар бир адамга айтарым, дарыгерден медициналык жабдыктардын тазалыгын талып кылыңыздар.  

Милан Садыкжан уулу өткөн жылы Индияга барып, 26 миң доллорга операция жасатып, боорун алмаштырган.

2018-жылдын октябрында боорду алмаштырдым. Карындашым донор болуп берди. Азыр абалым жакшы. Индияда тилекке каршы ооруп барган кыргыздар көп. Менин артымдан да көп жарандар барды. Айрымдары алданып калып да жатты. Анткени бейтапканалар оорулууларды кадимкидей талашат экен. Кээ бирөөлөр анча күчтүү эмес ооруканага барып, туура эмес котормочуларды тандап да алданып калышы мүмкүн. 

Милан Садыкжан уулу боорун “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фондунун жардамы менен алмаштырган. Аталган фонддун жетекчиси Медер Сапарбаев Индияга барган бейтаптарды алдап кеткен адамдар бар экенин билдирди.

— Милан менен кошо Миргүл деген карындашыбыз дагы Индияга барып боорун алмыштырмак. Бирок Миргүлдүн 7 миң 700 доллар акчасын алдамчыларга «жедирип» алдык. Операция үчүн кассага башка сумма төгүлөт. Бирок котормочу, ортомчу болгон кыргыздар, индустар өзүнүн үлүшүн өндүрүп алат экен. Өзүн мекенчил сезген адамдардын ушундай жолго барып жатканына зээниң кейийт.

Copyright © 2017 Maral FM