Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өрттөн эки киши каза болду

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 474 | 0

Бишкек шаарында өрттүн кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыккан. Темир тосмолор болгондуктан өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдуктар жаралып, Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары павильондун темир тосмолорун ачууга жардам көрсөтүштү.

Кырсыгынын кесепетинен 2 киши каза болгон. Учурда маркумдардын өздүгүн тактоо, өрттүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM