Биз менен байланышыңыз

Индияга барган бейтаптарды элчиликтен эч ким зыярат кылбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 941 | 0

“Акниет-Аманат” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда орган алмаштыруу боюнча тиешелүү мыйзамдар жакшы иштебей жатканын белгиледи.

Анын айтымында, орган алмаштыруу боюнча мыйзамды күчүнө киргизүү зарыл. Экинчиден, мыкты адистердин тобу керек. Ал эми медициналык аппараттар үчүнчү орундагы меселе.

«Бизге күн сайын кеминде 20 киши кайрылат. Биз жардам берип жетише албай жатабыз. Мындан улам трансплантология борборун ачуу боюнча маалыматтарды кызыгып иштей баштадым. Ай сайын кеминде жүз киши чет жакка операция жасатуу үчүн чыгып жатат. Ага кеминде 30-60 миң доллар каражат сарпталууда. Эгер КРда трансплантология борбору ачылса, ушул каражаттар өлкөгө калмак. Эгер буга өкмөттүн күчү жетпесе эл менен бирге марафон өткөрүп, аппарат алууга сунуш берели деп жатабыз. Бирок макулдук берилбей жатат», — дейт Сапарбаев.

Маалыматка ылайык, “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен чет өлкөдөн 10 бейтап боордон, 2 жаран бөйрөктөн операция жасаткан.

«Донор маселеси дагы көп түйшүк жаратууда. Акча табылса донор табылбайт, жакындарынын боору дал келбеген учурлар көп кездешүүдө. Донор табылса боорду алмаштырууга каражаты жоктор да бар. Каражаты бар бейтаптар чек жакандан операция жасатып келүүдө. Акчасы жоктор элден колдоо күтсө, айрымдар эч жакка үнү жетпей дарттын курмандыгы болуп жатат. Индияга боорун алмаштырганы барган жарандарыбызды элчиликтен зыярат кылган бир дагы адам жок. Элчилик бизге кайрылбагыла деген жоопторун айтат экен», — дейт Сапарбаев.

Copyright © 2017 Maral FM