Биз менен байланышыңыз

Депутат: УКМК балатыны эмес эвакуация маселесин текшерсин

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 687 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, эвакуация менен алектенген компанияга катуу чара көрүүнү сунуштады.

Анын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 9-апрелинде “Аргымак” коомдук уюму каттоодон өтүп, 10-апрелде Жол коопсуздугун камсыздаган кызмат менен эвакуация боюнча меморандум түзгөн. Ал коммерциялык эмес уюм болсо да бизнес кылып жаткандыктан, Башкы прокуратурага кайрылып, иш козголгон. Анын жыйынтыгында катардагы кызматкер иштен алынган.

Депутат кошумчалагандай, ошол эле уюм жоопкерчилиги чектелген коом ачып, ал дагы эвакуация кылууга киришкен. Учурда бул боюнча экинчи кылмыш иши козголду. Эл өкүлү бул иштерде жөнөкөй кызматкерлер жоопко тартылып эле жетекчилердин жоопкерчилиги каралбай жатканын белгилейт.

Негиздөөчү бирөө болгондон кийин ИИМдин ичинен аларды бирөө тартып жатат, бул жерде алардын ишкердигин коргогон бирөө бар. Массалык маалымат каражаттарынан окудум, УКМК Бишкекти жаңы жылга даярдоо боюнча кылмыш ишин козгоптур. УКМКнын деңгээли бул эмес, мына эвакуацияны карагыла. Уюмдун артында ким турганын аныкташ керек”, -дейт Бекешев.

Унааларды эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM