Биз менен байланышыңыз

Унааларды эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду

Коом | 28 Ноя 2018 | 934 | 0

Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду. Тиешелүү органдар тарабынан тергөө учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баш калаада автомашиналарды ташуу кызматына тендерди мыйзамсыз өткөргөнү аныкталган.

Башкы прокуратура жана Каржы полициясы Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялоочу жабдыкты сатып алуунун мыйзамдуулугун текшерди. Анын жыйынтыгында  автоунааларды эвакуациялаган фирмага кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма-сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

-Кылмыш иши “кызматтык абалынан кыянат пайдалануу”? (304) “алдамчылык” (166) беренелери боюнча ачылды. 2017-жылы эвакуациялочу жабдыкты сатып алууга тендер өткөрүлгөн. Анда ал кызматтын баасы 1 сом деп белгиленген, бирок бара бара компания менен 1350 сомго кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы туура эмес жерге токтотулган унааларга айып салууда да мыйзам бузуулар аныкталганы маалымдалган. Натыйжада, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Борбор калаада уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды эвакуациялоо быйыл январь айында кайра башталган. Аталган кызматты тендерден утуп алган “Портал групп” фирмасы аткарып келет. Бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт жана бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт.

Ошону менен бирге текшерүү ишинде каржы полициясы тендер мыйзамсыз өткөнүн аныктаган. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматынын өкүлү Анастасия Пискур  билдирди.

Анын маалыматында, тендер атаандаш компаниясы жок эле өткөн. Бул мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузууга жатат. Ошону менен бирге автоунааларды эвакуациялоонун так суммасын көрсөтүүгө тийиш болчу.

-Транспорт, коопсуздук боюнча адистер жана көз карандысыз аудиторлордун эсептөөлөрү боюнча, бир унааны эвакуациялоонун суммасы 600 сомдон ашык эмес болбоого тийиш эле. Бирок иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бааны мыйзамсыз, тиешелүү эксперттин корутундусу жок эле бекиткени белгилүү болду. Мындан тышкары, эвакуациялоону сыноо үчүн алты күн көзөмөлгө алынган. Бул мезгил аралыгында туура эмес жерге токтогон 306 унаа эвакуацияланган. Бирок протоколдо 106 гана унаа көрсөтүлгөн. Натыйжада, 200 миң сомго мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген. Ал эми алты айда келтирилген зыянды эсептегенде, 9,8 млн сомду түзөт.

Деген менен, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги каржы полициясы коюп жаткан айыпты четке кагат. Агенттиктин директору Шухрат Сабировдун айтымында, баа мыйзамсыз макулдашылган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

-2017-жылдын 26-октябрда туура эмес жерге токтогон унааларды эвакуациялоо жана аны токтотуучуу жайга алып барууга жарлык чыккан. Ага ылайык, сумма 1500 сомдон жогору болбошу керек.  Тариф жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын эсептөөлөрүнүн негизинде төмөнкү сумма бекитилген. Акыркы баасы конкурстун негизинде белгиленген.

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси Ринат Адаев тендер мыйзамдуу өткөнүн билдирди.

Анын айтымында, финпол маалыматты туура эмес алып алышкан.

-Балким, маалыматтардан жаңылып жаткан болушу мүмкүн. Өткөн жылы 17-декабрда конкурс жарыяланып, келишим жылдын аягында түзүлгөн. Тиешелүү талаптарга «Портал Групп» компаниясынын документтери жооп берген. Комиссиядан өткөн. Конкурс боюнча сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Утуп чыккан компания 2018-жылдын 15-январында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган.

«Портал групп» компаниясы болсо кылмыш иши мурунку жетекчи иштеп кеткен убактагы чогултулган документтердин негизинде козголгонун билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эвакуация бир эле компаниянын колуна берилгенин сындап, ошондон улам башаламдык орноп жатат деп эсептейт.

-Тейлеп жаткан компания бир күндө эле түзүлө калган. Мында коррупциянын элементтери бар. Кийин «Аргымак» деген атын өзгөртүп, «Портал Групп» деп атап алды. Коомчулукта нааразычылыктар көп. Эвакуация боюнча атайын бирдиктүү система болушу керек. Ал үчүн атайын сайт түзүп, туура эмес токтотулган унааларды эвакуацияланган унааларды кайдан алуу керектигин жазып коюсу керек.

Эске салсак, Бишкекте туура эмес жайга токтотулган унааларды эвакуациялоо 2018-жылдын январь айында башталган. Анда мыйзамсыз токтотулган унаага инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, андан соң айып төлөөчү жайга жеткирилет. Унаанын ээси туура эмес токтоткондугу үчүн 1000 сом төлөйт. Бул сумма бюджетке түшөт. Унааны ордунан жылдырып, айып төлөөчү жайга алып барган чыгымды унаанын ээси «Портал групп» компаниясына төлөп берет. Анын суммасы 1350 сом.

Copyright © 2017 Maral FM