Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда ит союлуучу жайлар жабыла баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 991 | 0

Түштүк Корея өлкөсү ит этин колдонууда алдыда келген өлкөлөрдөн. Бирок ушул жылы күч алган «Корея айбанаттардын укугун коргоо уюмунун» аракеттери менен өлкөдөгү эң чоң ит союучу жай жабылды. Уюмдун билдиришинче Кореяда жылына бир миллиондон ашык ит союлуп, этинен тамак жасалат. Бирок акыркы жылдары Сеулдагы ит этинен тамак жасаган ресторандардын саны 1400дөн 700гө чейин азайган.

«Биздин аракетибиз менен айбанаттарга каршы кылмыштын эң чон борбору жок кылынды. Эми анын ордуна парк курулмай болду. Эми ушундай кадамдар көбөйүп, өлкөдө иттерди сойгон жайлардын такыр жоголушуна жетеринен умүт кылабыз»,-деп билдирди уюмдун өкүлү.

Кошумчаласак, сурамжылоолордун жыйынтыгында Кореяда калктын 25% үйүндө ит багат, ал эми анын этин тамак катары колдонгондор калктын 40%ын түзөт. Бирок өлкөдө ит этинин өндүрүлүшүнө тыюу салган эч кандай мыйзам жок.

Copyright © 2017 Maral FM