Connect with us

Ким Чен Ын үч жумадан бери биринчи жолу коомчулукка чыкты

Кыска кабар | 24 Май 2020 | 940 | 0

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын үч жуманын ичинде биринчи жолу коомчулукка чыкканы жарыяланды. Бул тууралуу  Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Корея Эмгек партиясынын (ТПК) Борбордук аскер комитетинин отурумун өткөргөн. Жолугушуу улуттук коргонуу күчтөрүн чыңдоого коюлган талаптарды талкуулоого арналган.

Бирок жолугушуунун кайсы датада болгону айтылган эмес. Кореянын борбордук телеграф агенттиги Түндүк Корея лидеринин сүрөтүн, ошондой эле 23-майда кол коюлган буйруктарды жарыялады.

22-майда Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги Ким Чен Ын акыркы үч жуманын ичинде эл алдына  бир да чыкпаганын билдирген болчу. Кореянын министрлигинин өкүлү Йо Санг Ки Түштүк Кореянын бийлиги коңшу мамлекеттеги кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жаткандыгын айтты.

CNN телеканалы белгилегендей, ал 11-апрелден бери коомчулукка чыга элек жана 15-апрелде биринчи жолу Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган салтанатка катышпай калган. Ушундан улам саясатчынын өлүмү же оорусу болушу мүмкүн деген имиштер пайда болду.

Copyright © 2017 Maral FM