Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Түштүк Корея менен «санариптик парламентти» ишке ашырат

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 678 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк жана KOICAнын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Жонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар  эки тараптуу мамилелердин, парламенттер аралык диалогдун мындан аркы өнүгүшү, ошондой эле Кореянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Төрага Кореяга экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүмдөрүн, анын ичинде  балды, кургатылган мөмөлөрдү жеткирүү, шайлоо системасын реформалоонун алкагында автоматтык эсептөө урналарын камсыздоо программасын жакшыртуу, «санариптик парламент» долбоорун ишке ашыруу тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Кызматташтык планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын элчиси жогоруда аты аталган долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирип, Жогорку Кеңештин Кореянын элчилиги жана KOICAнын өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыгы үчүн  жумушчу топ түзүү демилгесин колдоого алды.

Copyright © 2017 Maral FM