Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда 33 кабаттуу имарат өрттөндү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 793 | 0

Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Ульсан шаарында 33 кабаттуу имарат өрттөндү. Бул тууралуу «Йонхап» агенттиги жазды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо имараттын дээрлик бардык кабаттары күйүп жаткандыгын көрүүгө болот.

Маалымат боюнча, өрт 8-октябрда саат 23:00 чамасында башталган. Түнкүсүн катуу шамалдан улам аны өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес.

Өрт өчүрүү кызматы агенттикке билдиргендей, 88 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Имаратка капталган алюминийден жасалган курама панелдер мезгил-мезгили менен өрттөнүп жаткандыктан, өрттү өчүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчалашты.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM