Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын түштүк кореялык чиновниктин өлүмү үчүн кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 786 | 0

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түштүк кореялык чиновниктин өлүмү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Президентинин Аппараты билдиргендигин эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын түштүк кореялык кесиптеши Мун Чжэ Инге «мындай окуя болбош керек болчу»  деп айткан.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги «Түндүк Кореянын армиясы түштүк кореялык чиновникти өлтүрдү» деп жарыялаган. Сеулдун айтымында, балык чарба департаментинин кызматкери патрулдук кайыктан жоголуп, кийинчерээк Түндүк Кореянын сууларынан табылган. Алардын айтымында, түндүк кореялыктар аны атып, андан соң денесине күйүүчү май чачып, өрттөп жиберишкен.

Эске сала кетсек, коронавирустук пандемия башталгандан бери, Түндүк Корея чек ара коопсуздугун күчөтүп, ок атуу саясатын киргизген. Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул коронавируска каршы иш-чаралардын алкагында жасалышы мүмкүн экендигин четке какпайт.

Түндүк Кореянын версиясы боюнча Түштүк Кореянын Балык чарба департаментинин кызматкери Түндүк Кореянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта ​​турган патрулдук кайыктын бортунда болуп, күтүлбөгөн жерден дайынсыз жоголгон.

Ошол эле учурда Түштүк Корея окуяны «ырайымсыздык» деп атап, Түндүк Кореядан түшүндүрмө талап кылуу менен күнөөлүүлөрдү жазалоону өтүндү. Маркум 47 жашта болуп, артында эки баласы калган.

Түндүк Корея кечирим катын Түштүк Кореянын президентине жөнөтүп, анда Түндүк Кореянын лидери «мындай окуя болбошу керек» деп айтып, катачылыкты мойнуна алган.

Катта Ким Чен Ын абдан өкүнөрүн жана чиновникке 10 жолу ок атылганы жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM