Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын өз калкын жаңы жылы менен куттуктабай койду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 1690 | 0

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын бийликке келгенден бери алгач ирет жаңы жылдык кайрылуу жасаган жок.

Анын ордуна корей лидери 1-январь күнү Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын борбордук комитетинин 4 күндүк отурумунун жыйынтыгы боюнча баяндама жасады.

Анда белгиленгендей, Пхеньян стратегиялык курал-жарак жасоону уланта бермекчи жана өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Вашингтон жооп бермейинче, бир тараптуу эле келишимди аткара берүү ниети жок.

Ошондой эле, Ким Чен Ын, жакында Түндүк Корея «жаңы стратегиялык курал-жаракты» иштеп чыгарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM