Биз менен байланышыңыз

Сеул Ким Чен Ынга байланыштуу ушак-айыңдарга комментарий берди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 1845 | 0

Түштүк Кореянын өкмөтү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугуна байланыштуу тарап жаткан ушак-айыңдарды тастыктай турган белгилер байкалбаганын бүгүн, 27-апрелде Улуттук биригүү иштери  боюнча министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Ким Чен Ындын саламаттыгына байланыштуу ушактарга байланыштуу, Түндүк Кореяда аларды тастыктоочу белгилер жок жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Президиумунун отурумунда айтылгандай, эч кандай адаттан тышкары тенденциялар байкалган жок , — деп Рёнхап агентиги Улуттук иштер министрлигинин өкүлү Чо Хе Силдин Сеулдагы брифингдеги сөзүн келтирген.

Эске салсак, буга чейин чет элдик маалымат каражаттары Ким Чен Ындын «өлүмү» жөнүндө жазышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM