Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда өрттөн эки казакстандык каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 745 | 0

Түштүк Кореядагы логистикалык кампанын курулушунда чыккан өрттөн эки казакстандык көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровго таянып Tengrinews.kz сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Ичхон шаарындагы логистикалык кампанын курулушунда өрт чыгып, андан 38 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган. Учурда жабыркагандарды издөө иштери улантылууда.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында, өлгөн 38 адамдын 29унун өздүгү аныкталган. Анын ичинде экөө Казакстандын жарандары экендиги да белгилүү болгон.

Учурда 9 адамдын сөөгү белгисиз болуп, кимдиги аныкталып жатат.

Белгиленгендей, Казакстандын жарандары  ​​Түштүк Кореяда мыйзамдуу түрдө иштешкен.

Copyright © 2017 Maral FM