Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Эл караңгы болгондуктан, айтылгандарга ишенип кала берет

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 782 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

«Кыргыздын тамырына балта чапкандар көп чыгат. Коңшу мамлекеттер дагы «жорго чыкса туягын чаап туралы» дейт. Мындай аракетин кыргыздын саясатчы, журналисттеринин жардамы менен жасайт.» Мындай пикирин саясатчы Адахан Мадумаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карапайым эл караңгы болгондуктан, айтылгандарга ишенип кала берет.

«Кыргыздын чечкиндүү улан-кыздарын алдыга чыгаруудан коркушат. Мамлекеттин карыздары эбегейсиз чоң акчага айланды. Алдыда оор күндөр келе жатканын айтсак, баары жек көрөт. Дагы эле уктап жатабыз. Биздин элге көп нерсенин кереги жок. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу сыяктуу маселелерди көтөрүп койсо, кышты кандай кыштайбыз деген нерсе жоюлат», — дейт Мадумаров.

Copyright © 2017 Maral FM