Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кайра чакырылды

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 740 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 24-январь саат 10:00гө Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.

Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин беш жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

20-январда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Мадумаров кол койгон протокол боюнча өзүнүн пикирин видеокайрылуу аркылуу жарыялаган.

Текебаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Мадумаровго каршы жасалып жаткан аракеттер саясий куугунтуктоонун бир түрү. Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциптери бар. Мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт. Ал азыркы бийлик иштеп чыккан кылмыш-процессуалдык кодексинде жазылган. Президент Садыр Жапаровдун кол коюусу менен аталган мыйзамдар күчүнө кирген.

Текебаев ошондой эле аталган протоколго кол койгон мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кеңешчи болуп, тандалма процесс жүрүп жатканын айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 23-октябрында өткөн маалымат жыйында Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айткан.

Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон эмес жана тоскоолдук жаратып жатат.

23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жок экендигин билдирип, ал иштин баарын Башкы прокуратура тергеп жатканын айтып, жакын арада тергөө бүтөт деген оюн айтты.

Copyright © 2017 Maral FM