Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: «Жетишет, өткөрүп коё берели» деп жатып, ушул күнгө келдик

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 971 | 0

Жогорку Кеңештин комитеттери калктын кайрылуусуна жараша түзүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 12-январдагы сессиясында айтты.

Анын айтымында, 6 жылдын ичинде эң көп кайрылуу суу чарба комитетине түшкөн.

«Мына менин колумда отчёт турат. Алты жылдын ичинде кайсы комитеттерге канча киши кайрылган? Эң көп суу чарба маселеси боюнча дыйкандар кайрылыптыр. Алар 6154 маселе менен кайрылган. А өткөндөгү структурага агрардык деген түшүнүктү да киргизген эмессиңер. Экинчи орунда конституциялык мыйзамдар жана сот маселеси боюнча кайрылгандар турат. Аталган комитетке 2924 кайрылуу түшкөн. Маданият, саламаттыкты сактоо боюнча 2700 жаран кайрылган. Ушул маселелер боюнча өткөнкү структурада бир да комитет түзгөн эмессиңер. Миграция маселелери төртүнчү орунду ээлеп жатат. Конституцияны кабыл аласыңарбы же башкасын кабыл аласыңарбы, «болду жетишет, ишке өтөлү» деген арзан, жукпаган сөздөрдү айтпаңыздар», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал 6 жылдын ичинде Жогорку Кеңештин суу чарба комитети 6154 кайрылуунун төртөөнү гана караганын, соттордун адилетсиздиги боюнча келген 3 миң кайрылуунун алтоо гана каралганын сынга алды.

Мындан сырткары ал комитеттер канчалык көп болсо, элден келген кайрылуулар ошончолук бат карала турганын белгиледи.

«Элдин чыркыраган үнүн уга турган орган пайда болушу керек. А ал орган комитет», — деди Мадумаров.

Copyright © 2017 Maral FM