Биз менен байланышыңыз

27-апрелдеги отурумда Мадумаровдун ордуна ким добуш бергени такталууда

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 3110 | 0

27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Контрчалгындоо иши жөнүндө» (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19 №671 токтом) мыйзамдын долбооруна экинчи окууда добуш берилди. Соцтармактарда: «Мыйзамга каршы чыгып жаткан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жыйынтыгында «макул»добуш бериптир» деген пикирлер айтылууда.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгы 27-апрелдеги отурумга Адахан Мадумаров жүйөлүү себептер менен катышпаганын, учурда анын ордуна ким добуш бергени такталып жатканын билдирди.

Адахан Мадумаров тармактык комитеттин жыйынында «Контрчалгындоо иши жөнүндө» мыйзамдын долбооруна кескин түрдө каршы чыгып, аны өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарын берген, бирок демилгечи топ ал сунуштардын баарын четке кагып, Жогорку Кеңештин сессиясына экинчи окууга киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM