Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров маданият комитетин түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 912 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште канчалык комитет көп болсо, иш алып баруусу ошончолук жеңил боло турганын айтты. Ошондой эле ал келечекти ойлогон өлкө маданият, адабият жөнүндөгү комитетти киргизүүнү сунуштады.

«Маданиятсыз эл болбойт, маданиятсыз өлкө да болбойт. «Комитеттер көп болуп кетти» деп айтышыңыздар мүмкүн. 1995-жылы биз 35 депутат болуп иштеген кезде 19 комитет бар эле. Комитеттин көптүгүнөн казынага зыян да кетпейт. Тийиштүү мыйзамдардын кабыл алынышын, анын аткарылышын жана мыйзамдардын сапаттуу өтүүсүнө адаис болуп келген комитеттин мүчөлөрүнүн эмгеги чоң болот», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал казына менен маданият өзүнчө комитет болушу керектигин сунуштап, 12 комитет түзүү демилгесин көтөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM