Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров «Кемпир-Абад» боюнча пикирин айтты (видео)

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 1569 | 0

Адахан Мадумаров кечээ, 23-апрелде «Фейсбук» баракчасы аркылуу «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча видео кайрылуусун жарыялады. Анда 6 миң гектар жер түбөлүктүү Кыргызстандыкы болуп келгендигин жана талаш-тартыш маселе жаратпагандыгын айткан.

Ошондой эле азыркы бийликти «30 жылдан бери чечилбеген маселени биз чечебиз» деп айтканы акылсыздык экендигин айтып, маселени жергиликтүү тургундар гана чече тургандыгын белгилеген.

— «Кемпир-Абад маселесин ачыктан-ачык саясий маселеге айлантып жибергендиги көрүнүп турат. Себеби, Өзбекстан тараптан бул маселе көтөрүлгөн эмес. Муну биздин тараптагылардын жасакерленгени сыяктуу болуп турат. Анын үстүнө атайын кызматтын жетекчиси «кое тургула, мен Ташкенттен барып сурай келейин» дегени өтө жагамсыз көрүнүш. Бул биздин эгемендүүлүккө каттуу сокку урулгандык деп билем. Маселе эмне үчүн Бишкекте же түздөн-түз Кызыл Октябрь, Кароол, Төрт-Көл айыл өмөттөрүндө чечилбей туруп, Ташкентте чечилиши керек? Бул намыска келе турган маселе» , — деди Мадумаров.

Мындан сырткары жер тагдырын жалгыз гана эл чече тургандыгын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM