Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Мени Атамбаев менен биригүүгө аракет кылып жатат дегендер – арамза адамдар

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 671 | 0

«Адахан Мадумаровду экс-президент Алмазбек Атамбаев менен биригүүгө аракет кылып жатат дегендер – арамза адамдар.» Мындай пикирин Мадумаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Ал Атамбаев менен 3 жылдан бери көрүшө электигин айтат.

Мадумаров жеке принцибине таянып Атамбаев кызматтан кеткен соң аны сындабай калганын белгиледи.

-Мага биригүү сунушун бериш үчүн ал адамдын жүрөгүндө жолборстун бир тал кылы болушу керек. Эгер Атамбаев сунуш берсе суроо пайда болот. Батукаевди чыгарып жибергендерди ачыкка чыгарса, кулаган учакты, 3% добуш менен президенттик тактыны жеңип алган досунун туура эмес шайлоо өткөргөнүн, кыргыздарды карызга батарып койгонун моюнга алып, жалпы элдин алдынан кечирим сурайм» десе, анда карап көрөм, — дейт Мадумаров.

Copyright © 2017 Maral FM