Укук коргоо органдарынын 12 кызматкери коронавирусту жуктуруп алган. Мындай маалыматты брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
— Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, — деп Үсөнбаев.
Анын айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.
Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандар 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 7 киши каза болгон.