Биз менен байланышыңыз

Бир суткада дагы 10 медкызматкер коронавирус менен катталды

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 592 | 0

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Региондор боюнча алсак:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 3;
Нарын шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 3 дарыгерден коронавирус аныкталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур катталды. Буга чейин коронавирусту жуктуруп алган 13 медкызматкер илдеттен айыгып, кайра жумушуна киришкени айтылган.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандардын саны 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 7 киши каза болгон.


СOVID-19: +22, Вирустук диагноз менен катталгандар 600дөн ашты

Copyright © 2017 Maral FM