Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: +22, Вирустук диагноз менен катталгандар 600дөн ашты

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 899 | 0

2020-жылдын 22-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учур катталды. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 4;
Нарын облусу – 1.

Республика боюнча коронавирустук диагноз менен катталгандардын саны 612ни түздү. Алардын ичинен 254 бейтап айыкса, 7 киши каза болгон.


Коронавирустан жалпы 254 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM