Кечээ, 7-апрелде саат 19:30 чамасында Репина көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрт өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам тобу унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.