Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 339 | 0

Кечээ, 7-апрелде саат 19:30 чамасында Репина көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам тобу унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. 

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Copyright © 2017 Maral FM