Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Татьяна Слипачук билдирген.
70 % бюллетендин жыйынтыгы белгилүү болду. Анда бир дагы талапкер 50 % добушту ала албагандыгын РИА Новости билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кыска убакыттын ичинде шайлоонун экинчи этабына даярдык көрүү керек экенин кошумчалады.
Маалыматтар боюнча, экинчи тур 21-апрелге белгилениши мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, 31-мартта Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Добуштардын учурдагы жыйынтыгы боюнча Владимир Зеленский алдыда келе жатат, андан кийин Петр Порошенко, Юлия Тимошенко жана Юрий Бойко келүүдө.