Биз менен байланышыңыз

Украинада президенттик шайлоонун 2-туру өтөт

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 482 | 0

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Татьяна Слипачук билдирген.

70 % бюллетендин  жыйынтыгы белгилүү болду. Анда бир дагы талапкер 50 % добушту ала албагандыгын  РИА Новости билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кыска убакыттын ичинде шайлоонун экинчи этабына даярдык көрүү керек экенин кошумчалады.

Маалыматтар боюнча, экинчи тур 21-апрелге белгилениши мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, 31-мартта Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Добуштардын учурдагы жыйынтыгы боюнча Владимир Зеленский алдыда келе жатат, андан кийин Петр Порошенко, Юлия Тимошенко жана Юрий Бойко келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM