Биз менен байланышыңыз

«Химиялык дарылоо бөлүмүндө кошумча каражат алынбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 1340 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде бейтаптар химиялык дарылоо бөлүмүндө кошумча каражат төлөбөй турганын билдирди. Анын айтымында, мекеме пара алган дарыгерлерин жумуштан кетирген учурлар болгон.

Тилеков жарандар көп арызданганы менен арыз жазуудан карманышарын айтат.

«Мындайда куру сөз менен дарыгерди иштен алсак да алар соттошуп утуп чугуп, кайра кызматка келүүдө. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасынын негизинде иштей баштагыныбызга 1 жарым жыл болду.  Ал жерде жеңилдик категориясы боюнча операция үчүн алынган кошумча төлөмдүн эң жогорку суммасы 14 миң 300 сомдун тегерегинде. Онкологиялык ооруларды дарылоо кымбатка тургандыктан кошумча төлөмдөр дагы жогору», — дейт Тилеков.

Анын билдиргенине караганда, рак менен ооруп Улуттук онкология борборунда каттоодо турган адамдар, 16 жашка чейинки бардар, согуштун ардагерлери, ыкчам кызматтын кызматкерлери, Апрель революциясынын баатырлары текшерүүдөн бекер өтүшөт.

«Мындан сырткары, минималдуу кошумча төлөм шарттары деген да бар. Анда жеңилдик берилген категория 3188 сом төлөйт, отоңкусу 12 миң сом төлөйт. Бул каражатты төлөгөн соң Улуттук онкология борборунда берилген дарылар бекер болот. Каражаттын эсебинен операция бекер жасалып, наркозго акча ыланбайт. Мындан сырткары кошумча каражат сурагандар болсо мага кайрылыңыздар, биз ал дарыгерлер менен коштошобуз», — дейт Тилеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM