Биз менен байланышыңыз

Быйыл онкогематология бөлүмүнүн курулушу бүтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 935 | 0

Быйыл Улуттук онкология жана гематология борборунда салынып жаткан балдардын жана чоң адамдардын онкогематология бөлүмүнүн курлушу бүтөт. Бул тууралуу аталган борбордун директору Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, имараттын долбоордук-сметалык документтери түзүлүп, каржы маселеси дагы толук чечилген. Эми 1-2 айда тендер өткөрүлүп, иштер башталат. Борбор төрт кабаттан туруп, 80 балага каралган.

«2017-жылы «Кумтөр» ишканасы менен өкмөттүн ортосунда 10 млн долларга келишим түзүлгөн. Анын 7 млн доллары Каржы министрлигинде турат. Өткөн жылдын май айынан тарта ооруларды дарылоочу сызыктуу ылдамдаткыч жабдуусун (линейный ускаритель) сатып алуу боюнча тендер өткөн. Учурда конкурстук комиссия иштеп жатат. Ушул жылдын февраль айында келишимге кол коёбуз. Аппарат алуу үчүн 4 млн доллардын тегерегиндеги каражат кетет. Аталган аппараттан сырткары дагы көптөгөн жабдыктарды алып жатабыз«, — дейт Тилеков.

Конкурстук комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин 2 депутаты, жарандык коомдун, улуттук онкология борборунун өкүлдөрдөрү бар.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Улуттук онкология борборунда балдардын жана чоң адамдардын онкогематология бөлүмүнүн пайдубалына капсула салынган.

Copyright © 2017 Maral FM