Биз менен байланышыңыз

Онкологиялык оорукананын дарыгеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 664 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды, — деп айтылат билдирүүдө.

Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштаары маалыматта айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM