Биз менен байланышыңыз

Тилеков: Менчик ооруканалардын ракты дарылоого акысы жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 842 | 0

Жаңы мыйзамга ылайык, жеке менчик ооруканалар рак оруусун дарылоого акысы жок. Мындай фактылар каталса бейтапкананын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик ооруканалар рак менен жабыркагандарга полиативдик жардам көрсөтүүгө гана акылуу.

«Жарандардын көпчүлүгү онкологиялык ооруну жеке менчиктер ооруканалардын дарылоосуна каршы болду. Дарыгерлердин баары жаман деп айта албайм. Бирок адамга жылуу сөз айта албаган адам дарыгер болуп иштебеши керек. Бирок мындай фактылар бар, аны менен күрөшүп жатабыз. Пара алып, элди кыйнагандар иштен алынууда», — дейт Тилеков.

Ал буга кошумча, кыргызстандык хирургдардын боорду алмаштырууга билими, тажрыйбасы жеткени менен тийиштүү аппараттар жок экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM