Биз менен байланышыңыз

Онкологиялык оорулардын 4 негизги себеби

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 1377 | 0

Маммолог Ибрагим Алиев «Маралга» берген маегинде онкологиялык оорулардын келип чыгышынын негизги 4 себебин айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, илдетке кабылуунун себептерине тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктер, туура эмес тамактануу жана кыймылсыздык кирет.

Себептердин сап башында тамеки чегүү турат. Тамеки чегүү эрин, тил, тамак, кекиртек, өпкө, боор, ашказан, ичеги рактарына алып келет.

Алкоголдук ичимдиктер ооз көңдөйү, кекиртек, ашказан, кызыл өңгөч, боор жана ичегилердин рагына жол ачат.

Тамакта ачууну көп колдонуу ашказан, жоон ичегинин рагына алып келет.

Ашыкча салмак, кыймылдын аздыгы да онкологиялык ооруларга түрткү болот.

«Адам себепсиз башы ооруп, арыктап, шалдырап, табити жоголуп баштаса — рак оорусунун башталышынын белгилеринин бири. Дене табы да себепсиз көпкө көтөрүлүп турса — онкологиялык оорулардын белгиси. Денедеги бездердин чоңоюушу, шишиктердин пайда болушу, калдардын өңү өзгөрүп, чоңоюп башташы, мурундун көп каноосу, жыныс органдарынан көп кан кетүү, заара кылганда кан кошулуп чыгуусу да рактын белгилерине кирет», — дейт Алиев.

Анын айтымында, ракка кабылбоо үчүн спорт менен машыгып, дарыгердин көзөмөлүнөн дайым өтүп туруу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM