Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө ар бир бешинчи адам онкологиялык ооруга чалдыгат

Өз убагында дарыланган онкологиялык орулуулардын 40 пайызы ракка кабылбайт. Бул тууралуу маммолог Ибрагим Алиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча ар бир бешинчи киши онкологиялык ооруга чалдыгат. Алардын арасында ар бир жетинчи эркек жана он биринчи аял бул илдеттен каза табат.

Ракка кабылган бейтаптар негизинен экономикалык абалы начар, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туура келет. Анткени мындай өлкөлөрдө адамдардын жашоо-шарты начар болгондуктан, керектүү азык-түлүктөрдү пайдалана алышпайт. Мындан тышкары экономикасы алсыз мамлекеттерде тиешелүү медициналык жабдуулар жетишсиз, дары-дармектер аз жана заманбап дарылоо ыкмалары колдонулбайт.

Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө аппараттар заманбап болуп, илдетти эрте аныктагандыктан, өз убагында дарылоого шарт түзүлөт. Мындан улам бейтаптын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM