Биз менен байланышыңыз

Британ окумуштуулары рактын 6 түрүн дарылай турган дарыны иштеп чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 590 | 0

Британиялык Ракты изилдөө институтунун окумуштуулары ракка каршы укмуштуудай дарыны иштеп чыгышты. Мындай дары клиникалык тажрыйбадан өткөрүлүп, шишиктин алты түрү менен эффективдүү күрөшө ала турган касиетке ээ деп эсептешет британ окумуштуулары. Жаңы препарат зыяндуу чоң шишиктерге таасирин тийгизип, аны 70 пайызга кичирейте ала турган мүмкүнчүлүккө ээ.

Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо системасынын окумуштуулары рактын айыккыс формаларына каршы дарыны ойлоп табышты. Бул тууралуу 25-июнда Daily Mail гезити жазып чыкты.

Бул жерде кеп Entrectinib деп аталган дары тууралуу болмокчу. Ал шишиктерди адамдын организминин кайсыл жерде жайгашканына карабай арылта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Бул препарат ракты дарылоодогу методдордун ичинен төңкөрүшчүл деп табылып, шишиктин өсүшүн активдештирген генетикалык мутацияга карата багытталып иштелип чыккан”, — деп билдирди жогоруда аталган илимий борбордун кызматкери Мейндерт Бойсен.
Ракты дарылоонун салттуу методдору буга чейин шишиктин кайсыл жерде жайгашкандыгына жараша дарыланган.

Жаңы дары рактын сейрек түрүнөн жабыр тарткан 12 жаштан жогору адамдарга сунушталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM