Биз менен байланышыңыз

Бүгүн — рак оорусуна каршы күрөшүү күнү

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 1015 | 0

Бүгүн, 4-февраль-Бүткүл дуйнөлүк Рак илдетине каршы күрөшүү күнү. Муну Дуйнөлүк Ракка каршы күрөшүү уюму 2000-жылы кабыл алган.

Буга байланыштуу Бишкекте «Park hotel» конок үйүндө Саламаттыкты сактоо министри, өкмөт мүчөлөрү жана тармак боюнча адистер катышкан жыйын өтүүдө.

Жыйында министр КосмосбекЧолпонбаев Кыргызстанда аталган илдетке чалдыккандардын саны көбөйгөнүн белгиледи. Буга каршы ракты дарылоо үчүн атайын шарттар жана оору басандатуучу дары-дармектерди алуу оңойлошконун кошумчалады.

Ошентсе да ракты дарылоочу аппараттардын жоктугуна байланыштуу күрөшүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Бир нече ирет жабдыкты алуу боюнча тендер жарыяланганы менен аны алып келүү белгисиз себептерге байланыштуу токтоп калууда.

Эске салсак, расмий маалыматтарга ылайык, кыргызстан боюнча ракка чалдыккандардын саны 25 минден ашат. 2018-жылы эле рактан көз жумгандардын саны 3000ге жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM