Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Саламаттыкты сактоо тармагы бизнеске айланды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 888 | 0

Саламаттыкты сактоо тармагы бизнеске айланды, бул — туура эмес. Мындай пикирин аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акылуу медицина киргенден бери дарыгерлерге дени сак жаран эмес, оорулуулар керек болуп калды. Адам акчага кызыгат.

«Эгер адам оорубаса, дарыгер кимди дарылайт? Мындан улам фармацевтика олуттуу бизнеске айланды. Бул — туура эмес. Азыр мамлекетти да трансулуттук компаниялар башкарат. Мындай компаниялардын кызыкчылыгы мамлекеттикинен алдыга чыгып кетет», — дейт Масадыков.

Copyright © 2017 Maral FM