Биз менен байланышыңыз

Гепатит оорусуна каршы бир айлык жарыяланат

Ден соолук | 24 Июл 2019 | 1342 | 0

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат жыйын өткөрдү. Анда бүткүл дүйнөлүк гепатит оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата 2019-жылдын 22-июлунан тартып бир айлык жарыяланганы маалым болду. Бул аралыкта жарандар аталган министрликке караштуу бардык мекемелерден гепатит оорусунун алдын алуу максатында медициналык кароодон өтүп, дарыгерлердин кеп-кеңешин алса болот. 

 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, гепатит оорусу жер шарына көп тараган оорулардын алдыңкы сабында. Тилекке каршы, бул көрсөткүчтөн биздин өлкө да четте калган жок. Мындай маалыматты Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Өлкө боюнча жылына 8 миңден 22 миңге чейин гепатит вирусун жуктуруп алгандар катталат. Гепатит вирусунун негизги 5 түрү кеңири жайылганын айтып, буларды кошумчалады:

— Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. 2000-жылдан бери балдарды гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөөлөр жүргүзүлүп келет. Медицина кызматкерлеринен, боюнда бар аялдардан, ошондой эле операция боло турган бейтаптардан гепатитке каршы анализ алынат.

«Жыл сайын дүйнө жүзүндө 6 миллиондон 10 миллионго чейин адам гепатит вирусунан көз жумат», — дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жугуштуу оорулар боюнча Кыргызстандагы адиси Калия Касымбекова. Аталган уюмдун 2030-жылга чейин мерчемделген иш-чарасында бул көрсөткүчтү 900 миңге чейин түшүрүү каралган. Мунун алкагында Кыргызстанда да гепатиттин «В» вирусуна каршы эмдөө жүрүп жатат. Ал эми «С» вирусуна каршы атайын дарылар чыгарылып, 3 айдан 6 айга чейин дарыланып айыкса болот.

— Гепатит вирусун аныктоо үчүн атайын изилдөөдөн өтүү керек. Бул өтө деле кымбатка турбайт. Атайын лабораториялар бизде жетиштүү.  

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин маалымдашынча, гепатит оорусун жуктуруп алган 5032 адам каттоого алынып, жылына эки жолу атайын көзөмөлдөн өтүп турат. Булар негизинен гепатит вирусунун «В», «С» жана «Д» түрлөрүн жугузуп алгандар. Ал эми бейтаптарды медициналык кароодон өткөрүүгө керектүү шаймандар жетиштүү.

— Биздин ооруканада сарык оорусуна атайын 40 орун каралган. Жыл сайын 1500гө чейин бейтаптар дарыланып кетишет. Булардын көпчүлүгү курч мүнөздөгү түрү менен ооругандар.

Гепатит оорусунун кээ бир түрүнүн адамга жукканы башталышында билинбейт. Айрымдар ушул себептен оорусу өтүшүп кеткенден кийин гана байкап, дарыгерге кайрылышат. Мындай пикирин Республикалык жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө илимий-тажрыйбалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, гепатит вирусунан сактануу үчүн оорунун алдын алуу, вируска каршы эмдөөлөрдөн өтүү жана өздүк гигиенаны сактоо боюнча коомчулукка кенен маалымат таратуу зарыл.

— Дүйнө жүзү боюнча бул ооруну жуктуруп алгандардын 13 % гана билет, калган 87 %ы билбейт. Кыргызстанда калктын 1 %ы гана гепатит жуктуруп алганын билет. Аны дагы качан оорусу өтүшкөндө текшерүүгө келип билет. Ошондуктан, жалпы эле лабораториялык текшерүүдөн өтүшү керек.

Белгилей кетсек, гепатит вирусунун «А» жана «Е» түрү турмуш-тиричилик шарттарында, тактап айтканда, өздүк гигиена эрежелерин бузууда жукса, ал эми «В», «С», «D» түрлөрү оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.

Copyright © 2017 Maral FM