Биз менен байланышыңыз

«Жарандар эмдөөдөн өтсө, гепатиттин B, D түрүнөн кутулмакпыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2019 | 1030 | 1

Гепатит оорусунун алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү керек. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алган жарандар гепатит илдетине чалдыккан учур кездеше элек. Эмдөө 3 ирет жүргүзүлөт. Ага 1800 сом керектелет.

Гепатитке анализ тапшыруу мамлекеттик лабораторияларда 189 сом. Ал эми жеке менчиктерде бул кызмат 600-800 сомдун тегерегин түзөт.

-Жеке менчик медициналык борборлордун баарында гепатитке каршы эмдөө жүргүзүлөт. Жарандар эмдөөдөн өтсө, гепатиттин B, D түрүнөн кутулмакпыз. Мамлекет жетиштүү каражат бөлгөндө гепатиттин аталган эки түрүнөн жабыркагандардын санын 50%га түшүрмөкпүз. Жакында Жогорку Кеңеште комиссия түзүлөт, андан үмүтүбүз чоң» — дейт Нурматов.

Ал белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2002-жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайларга гепаттиттин В түрүнө каршы эмдөө жүргүзүп келет. Өлкө боюнча 2 млн 200 миңден ашуун бала эмделген. Чоңдор арасында 40 миңден ашуун жаранга эмдөө жасалган.

1 пикир

1 пикир

  1. Айжаркын

    09.02.2022 08:17

    Гепатитке карышы эмдөө качан жүргүзүлөт ар бир адам анализден өтүп туруп анан алабы мен жакында стоматалогияга тишимди даарылаткан болчумун коркондой болуп турам

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM